• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Ирандын командасын 18:0 эсебинде жеңди

Спорт 0

Бишкек, 04.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы үчүнчү дивизиондун командалары арасындагы дүйнө чемпионатында алдыда келе жатат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 3-мартта кыргызстандыктар Ирандын курама командасы менен беттешип, 18:0 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңишти камсыздашты.

Төрт турдун жыйынтыгы боюнча биздин команда мүмкүн болгон 12 балдан 12 балга ээ болду. Ошентип, алар үчүнчү дивизиондун (Б группасы) командаларынын арасындагы дүйнөлүк чемпионатында алдыда келе жатат.

Белгилей кетсек, турнир ушул күндөрү Сараево шаарында (Босния жана Герцеговина) 6 команданын катышуусунда өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий