• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Хоккей: Кыргызстан дүйнө чемпионатынын квалификациялык турунда кимдер менен ойнойт?

Спорт 0

Бишкек, 31.01.19./Кабар/. Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы дүйнө чемпиондугунун квалификациялык баскычында ойноого даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.

Анын айтымында, мелдеш Бириккен Араб Эмирлигинде (БАЭ) 31-мартта башталып, 6-апрелде аяктайт.

2020-жылдагы дүйнө чемпиондугунун үчүнчү дивизионунда "А" тайпасында ойноо үчүн биздин команда Бириккен Араб Эмираты, Кувейт, Таиланд, Босния-Герцеговина жана Гонконг менен беттештерди өткөрөт.

Эскерте кетсек, КРнын хоккей курамасын дүйнө биринчилигине өткөрүү боюнча чечим муз үстүндөгү Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) 2018-жылдын 18-май айында Копенгагенде өткөн жылдык конгрессинде кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий