• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын хорсбол командасы Францияда өтчү дүйнө биринчилигине катышышы мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын хорсбол командасы Францияда өтө турган дүйнө биринчилигине катышышы мүмкүн.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Франциянын Нормандия аймагында ушул жылдын август айында өтөрү пландалууда.

Бул маселени аталган агенттиктин директору Канат Аманкулов менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэл Ру жолугушуу учурунда талкуулашкан.

Жолугушууда Аманкулов белгилегендей, агенттик спорттун бул түрүн өнүктүрүү ишинде кызматташууга даяр.

"Мамлекет тарабынан колдоо болушу үчүн КР Хорсбол федерациясы Спорт түрлөрү боюнча дирекциядан аккредитациядан өтүшү керек. Агенттик спортчуларды даярдоодо ар тараптан колдоо көрсөтөт. Бирок команданы топтоо жана аттарды алып баруу боюнча маселелерди талкуулап алуу керек", - деген Аманкулов.

Учурда Токтогулда франциялык команда кыргызстандык спортчуларга хорсболдун эрежелерин, ал эми биздин спортчулар конокторго көк бөрү ойноону үйрөтүүдө.

"Учурда кыргызстандык команданын хорсбол боюнча биринчиликке катышуусу боюнча иштер жүрүп жатат. 9-февраль күнү Бишкек шаарында көргөзмө оюн өткөрүлөт", - деп билдиришти агенттиктен.

Пикир

Оставить комментарий