• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын кино тармагынын өкүлдөрү Түркиядагы кинофестивалда сыйланды

Маданият 0

Бишкек, 15.11.21./Кабар/. Түркияда "Коркут Ата" эл аралык кинофестивалынын жабылыш аземи өттү. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Министрликтин билдирүүсүңө караганда, эл аралык кинофестивалга кыргыз делегациясынын курамында КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, КР Маданият министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, Т. Океев атындагы Улуттук киностудиянын директору Акжол Бекболотов, эл артисттери жана башка атактуу улуттук кино ишмерлери катышты.

Кинофестивалдын алкагында Кыргызстандан катышып жаткан бир катар кино тармагынын өкүлдөрү сыйланды.

Алар:

- "Мыкты режиссёр" - режиссёр Артыкпай Сүйүндүков;

- Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын сактагындыгы үчүн ардак сыйлык анын балдары Ширин жана Эльдар Айтматовдор жана «Түрк дүйнөсүнүн маданиятына кошкон салымы жана өнүгүшү үчүн» - Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы сыйланды.

Ошондой эле фестивалдын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин маданият министрлеринин катышуусунда кино өндүрүш тармагындагы кызматташуу боюнча декларацияга кол коюлду.

Декларацияга ылайык, “Коркут Ата” эл аралык кинофестивалы жыл сайын өткөрүү пландалып, макулдашууга ылайык, фестиваль 2022-жылы Бурса шаарында (Түркия), 2023-жылы Азербайжан мамлекетинде өтүп, андан ары түрк тилдүү мамлекеттерине берилет.

Пикир

Оставить комментарий