• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандын командасы 7-Дүйнөлүк кышкы атайын олимпиада оюндарына катышат

Спорт 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Атайын олимпиада боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү 7-Дүйнөлүк кышкы атайын олимпиада оюндарына катышуу үчүн Грац шаарына (Австрия) барышат. Оюндар 2017-жылдын 14-24-мартында өтөт. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Атайын олимпиадага Кыргызстандан спортчулар Асель Алмазбекова, Алмазбек уулу Дастан, Марлиз Абдунасыров жана машыктыруучулар Адель Мамбеталиева менен Улан Шайрахунов барышат. Делегациянын жетекчиси - Айбек Раимбеков.

Бул үчүн КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 338 миң сом бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий