• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын командасы кунг-фу боюнча эл аралык мелдеште 7 алтын медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын командасы кунг-фу боюнча эл аралык мелдеште 7 алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынын президенти Юрий Дмитрущенко билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 21-22-декабрда Россиянын Барнаул шаарында өтүп, ага Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Кытайдан 400 спортчу катышты.

Кунг-фу боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан Бишкек шаарынан 6 жана Жалал-Абад шаарынан бир спортчу күч сынашты.

"Тиджи" түрүнөн алтын медалды Роберт Пак (34 кг), Сулейман Кожегулов (55 кг), Назар Сейталиев (55 кг), Данияр Шарыпбеков (65 кг), Адилет Дүйшөналиев (70 кг) жана Шохрух Илхамжан уулу (60 кг) утуп алды.

Ошондой эле Кыргызстандын командасындагы жалгыз кыз Ольга Ли "уи" түрүнөн алтын медаль тагынды.

Пикир

Оставить комментарий