• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын Кореядагы элчиси эмгек мигранттарынын маселелерине арналган конференцияга катышты

Коом 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. 17-18 июнь күнү Корея Республикасынын Кёнсан-Намдо өрөөнүндө эмгек мигранттарынын суроолоруна байланышкан EPS-конференциясы болуп өттү. Конференцияга EPS программасына мүчө болгон 16 мамлекеттин элчилери жана өкүлдөрү, алардын ичинде Кыргызстандын элчиси Динара Кемелова катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Конференцияда сөз сүйлөгөн Кыргызстандын элчиси эмгек келишимдери бар, ошондой эле Кыргызстанга убактылуу эмгек өргүүсүнө кеткен кыргыз жарандарынын Корея Республикасына келүү маселелерин көтөргөн.

Андан тышкары, Кемелова Кыргызстанга бөлүнгөн эмгек келишимдеринин квоталарын толугу менен колдонууну жана ал программаны айыл чарба тармагындагы Кыргызстандын жарандары үчүн кеңейтүүнү сунуш кылган. EPS программасына мүчө болгон мамлекеттердин дээрлик бардыгы тарабынан коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан жана карантиндик эрежелер болгондуктан Түштүк Кореяга келе албай жаткан жарандардын көйгөйлөрү айтылган.

Конференциянын жүрүшүндө Кемелова Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын (HRD Korea) президенти Ким Донг Ман менен эки тараптуу жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда эмгек мигранттардын COVID-19 пандемиясы учурундагы абалына байланыштуу көйгөйлөр айтылган. Кемелова Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматын карантиндик эрежелерди эске алуу менен эмгек мигранттарга Корея Республикасына кирүү маселесине көмөк көрсөтүүнү суранган.

Пикир

Оставить комментарий