• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын Кореядагы элчиси «K-water» корпорациясынын президенти менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. 18-сентябрь күнү Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова башында турган делегация Тэджон шаарында Кореянын суу ресурстары боюнча «K-water» корпорациясында болуп, корпорациясынын президенти Ли Хак-Суу менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда элчи Д. Кемелова Кыргызстан, Түштүк Корея менен гидроэнергетика, суу менен камсыздоо, ирригация жана суу ресурстарын башкарууда жаӊы технологияларды колдонуу боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирген.

Аны менен бирге жолугушууда корея тараптын Кыргызстандагы «Таза-суу» долбоорун ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүгү талкууланган.

Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун жана Кореянын суу ресурстары боюнча «K-water» корпорациясынын ортосунда түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Ал документ суу ресурстарын башкаруу тармагында билим жана тажрыйба менен алмашууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий