• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү Россиядагы танк биатлону боюнча эл аралык чемпионатка катышат

Коом 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Куралдуу күчтөрдүн башкы штабында курама команданы Россияда өтө турган эл аралык танк биатлону боюнча сынакка узатуу иш чарасы орун алды.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, эң мыкты танка экипажы жана согуштук техника боюнча таймаш ар жыл сайын Россиянын Коргоо министрлигинин машыгуу майданында өтүп келет.

“Кыргызстан аталган чемпионатка 2013-жылдан бери катышып келет. Анткен менен азырынча биздин командалар байгелүү орундарды алыша элек. Биздин комнаданын катышуучулары эки этап менен тандалып алынган. Биринчиси танкисттердин аянтчасында тандалса, экинчиси “20636 аскерий бөлүгүндөгү” “Эдельвейс” окуу борборунда жүргүзүлгөн”,-деп жазылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, таймашта Кыргызстанды Куралдуу күчтөрдүн төрт экипажы тааныштырат. Чемпионат үч жумага созулуп, анда ар өлкөдөн чогулган кыйындар тажрыйбаларын, өзгөчөлүктөрүн көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий