• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын рейтинги боюнча 5 баскычка көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 6-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 6-июлда ФИФАнын жаңыртылган рейтинги боюнча 5 баскычка көтөрүлдү.

Улуттук курама 248 упай менен, 132-орундан 127-орунга көтөрүлдү

Эскерте кетсек кыргыз командасы отчеттук мезгилде бир ойюун көрсөтүп анда Индиялыктарга 0:1 эсебинде утулуп берген.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында Өзбекстандын курамасы 65- орунду ээлеп, лидер катары калса, Казакстандын курамасы 106-орунда, Түркменистандын курамасы 137-орунда ал эми Тажикстандын командасы 149-орунду ээлеген.

Жаңы рейтинг боюнча алдыңкы бештике кирген командалар төмөнкүлөр:

1-Германия

2-Бразилия

3-Аргентина

4-Португалия

5-Швейцария

Пикир

Оставить комментарий