• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстандын курама командасы күрөш боюнча Азия чемпионатында 5 медаль алды

Спорт 0

Бишкек, 15-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын курама командасы Нью-Делиде өткөн грек-рим, эркин жана аялдар күрөшү боюнча Азия чемпионатында 5 медаль жеңип алышты.

Биринчи медалдарды грек-рим күрөшү боюнча Самат Шырдаков жана Нургазы Асангуловдор алып келишти. Алар коло медаль алышкан.

Жалгыз алтын медалды командага Азиянын эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова алган.

Мелдештердин акыркы күнү эркин күрөш боюнча Муслим Евлаев “күмүш” жана Магомед Мусаев коло медаль алышкан.

Кыргызстандын атынан 17 спортчу барган.

Пикир

Оставить комментарий