• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын курама командасынын капитаны Кичин "Даңк" медалы менен сыйланды

Спорт 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин "Даңк" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, маданият министри Кайрат Иманалиев Кичинге "Даңк" медалын тапшырды. Мамлекеттик сыйлык Валерий Кичинге 2019-жылы өткөн Азия кубогунда татыктуу оюн көрсөткөндүгү, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, республиканын квалификациялуу спортчуларын даярдагандыгы жана футболго чексиз берилип кызмат кылгандыгы үчүн ыйгарылды.

Эске салсак, Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2023-жылы өтө турган Азия кубогуна 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо баскычына катышуу үчүн Японияга учуп кетти. Кыргызстандын курама командасы Япония, Мьянма жана Монголиянын курама командалары менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий