• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын курамасы 4-дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатына даярданууда

Спорт 0


Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы 3-марттан 9-мартка чейин Бишкекте өтө турган 4-дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатына даярданууда

Ошентип, мелдешке даярдануунун алкагында курама команданын оюнчулары окуу-машыгуудан өтүшүүдө.

Команданын башкы машыктыруучусу Михаил Чекановдун айтымында, команда жумушчу абалда. “Биринчи оюн команданын даярдыгын көрсөтөт. Бул этапта акыркы курам белгисиз, курамды аныктоо 28-февралга пландалууда. Бүгүнкү күнгө карата маанай жакшы”, - деди ал.

Өз кезегинде КР Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков учурда Бишкек муз аянтын чемпионатка даярдоо иштери жүруп жатканын белгиледи.

“Чемпионаттын башталышына муз аянты 100% даяр болуп калат деп болжолдоп жатабыз”, - деди ал.

Жыйынтыгында улуттук кураманын оюнчусу Артем Горобец чемпионатка даярдык толук кандуу жүруп жатканын белгиледи.

“Биз 08:00дөн 23:00гө чейин тынымсыз машыгып жатабыз. Бардык машыктыруучу курам жана КР Хоккей федерациясынын өкүлдөру толук жоопкерчилик менен мамиле кылышууда. Аларга кесипкөйлүгү жана ишине кылган мамилесине ыраазычылык билдиргим келет. Биз аларды ишенимин актоого аракет кылабыз”, - деди хоккейчи.

Эске салсак, 3-марттан 9-мартка чейин Кыргызстанда биринчи жолу 2022-жылы хоккей боюнча дүйнө чемпионаты IV дивизиондо өтөт.

Чемпионаттын ачылыш аземи 3-мартта саат 19:00дө Бишкек муз аренасында болот. Салтанатка Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, советтик хоккей боюнча белгилүү дарбазачы Владислав Третьяк, Германиянын хоккей федерациясынын президенти Франц Рейндл жана Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти Айваз Оморканов катышат.

Бүгүнкү күндө 5 курама команда катышууну тастыктады жана бардыгы Азиядан, атап айтканда Кыргызстандын курама командасы (III дивизиондун квалификациялык турниринен келген), Кувейт курама командасы (III дивизиондун квалификациялык турниринен келген), Иран курама командасы (биринчи жолу катышууда), Сингапур курама командасы (биринчи жолу катышууда) , Малайзия курама командасы (биринчи жолу катышууда).

Белгилей кетсек, чемпионат 2020-жылы өтүшү керек болчу, бирок COVID-19 пандемиясынан улам өтпөй калган.

 

Пикир

Оставить комментарий