• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын курамасы грэпплинг боюнча Азия чемпионатында 2-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 06.03.18./Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандын грэпплинг боюнча курама командасы Азия-2018 чемпионатында жалпы командалык 2-орунду ээледи. Бул тууралуу prosport_kyrgyzstan маалымдайт.

Белгилей кетсек, кечээ Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грэпплинг боюнча II Азия чемпионаты өттү.

Анда 5 өлкөдөн – Кыргызстан, Казакстан, Индия, Иран жана Өзбекстандан келген спортчулар катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча Казакстан 1-орунду ээледи. Экинчиде 11 алтын, 7 күмүш жана 4 коло медаль менен – Кыргызстан.

No Gi бөлүгү;

62 кг – Арген Кайыбаев (күмүш);

66 кг – Азат Эмильбеков (күмүш), Эркул Уулу Манас (алтын);

71 кг - Багынбай уулу Торокан (алтын);

77 кг - Азамбек Шамшиев (алтын);

84 кг - Курманбек Адиев (серебро), Достук Жолдошев (алтын);

92 кг - Бексултан Өмүрзаков (алтын);

100 кг - Нурбек Чынгызов (коло), Садырбек уулу Узак (күмүш);

+100 кг - Арсен Абдылдаев (коло), Айбек Кокиев (күмүш);

Курамадагы жалгыз кыз Барчынай Узгенбаева 64 кг салмактык категория боюнча мелдешке катышып, Кыргызстандын байге куржунуна дагы бир алтынды алып келди.

Gi бөлүгү;

62 кг - Карымбай уулу Бекнияз (алтын);

66 кг - Ураим уулу Жаныш (коло), Жусуп уулу Токторбай (алтын);

71кг - Багынбай уулу Торокан (алтын);

77 кг - Турусгелдиев Эржан (күмүш);

84 кг - Достук Жолдошев (алтын);

92 кг - Азамат Абдусаматов (коло);

100 кг - Адильжан Ходжаев (күмүш);

Бул жерде Барчынай Узгенбаева ошол эле салмактык категория боюнча күмүш утту.

Пикир

Оставить комментарий