• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандын курамасы панкратион боюнча дүйнө чемпионатына катышууда

Спорт 0

Бишкек, 27.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын курама командасы Сочиде 25-октябрда старт алган панкратион боюнча дүйнө чемпионатында катышууда. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеште Россия, Тажикстан, Италия, Греция, АКШ, Япония, Индия, беларусия, Украинадан жана башка мамлекеттерден 500гө жакын спортчу катышууда. Бардыгы болуп мелдешке 16дан 45 жашка чейинки спортчуларды 22 өлкө сунуштаган.

Кыргызстандын атынан бара турган спортчулардын ысымы; Нурсултан Турдуев, Алманбет Жаныбеков, Медет Джееналиев, Алымбек Темиров, Ороскул уулу Эрмек, Абдумалик Суеркулов, Сайпидин уулу Эрнис, Билал Кыргызбаев, Азамат уулу Арсений, Анарбек уул Чыңгыз, Камбаралы Раимбаев, Абикарим уулу Куштарбек, Эрнис Рыспаев, Урайым уулу Жаныш, Бытырбек уулу Данияр, Кыялбек уулу Сүйүнтбек, Амирхан Сабиров, Айжигит уулу Дастан жана Баяман Мамбеталиев.

Пикир

Оставить комментарий