• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандын курамасы Сербияда өткөн биринчиликте 3 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 17.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын курама командасы самбо боюнча дүйнө биринчилигинде 3 медаль утту. Мелдеш 12нен 16-октябрь күндөрү Нови-Сад шаарында (Сербия) өткөн.

Аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, мелдештин катышуучулары планетанын эң күчтүү самбочулары наамы үчүн күрөшкөн.

Мелдешке бардыгы болуп 80 өлкөдөн 500гө жакын спортчу катышкан.

Биринчи медалды Кыргызстандын байге куржунуна Адилет Букаев алып келген. Ал 48 кг салмактык категория боюнча коло медаль уткан.

52 кг салмактык категория боюнча Самара Абдумалик кызы коло тагынган.

Кубанычбек уулу Азиз күмүш медаль уткан.

Ал 74 кг салмак категориясында мелдешке чыгып, финалда Өзбекстандын спортчусунан жеңилип калган.

Мелдешке Кыргызстандын атынан алдын алар тандоодон өткөн 10 спортчу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий