• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине 2 миңден ашык кайрылуу келип түшкөн – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 21.02.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кытайда коронавирустун жайылышынан баштап Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине мекендештерибиз тарабынан 2 миңден ашык кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, Кытайдын Билим берүү министрлигинин берген маалыматы боюнча, 2018-2019-жылкы окуу мезгилинде 4614 кыргыз студент өлкөнүн ЖОЖдорунда окуган.

"Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине мекендештерибиз тарабынан ыкчам байланыш телефону, электрондук кат жана ар кандай тиркеме аркылуу 2 миңден ашык кайрылуу түшкөн. Элчилик колдон келген бардык жардамын көрсөтүүдө", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий