• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын Кытайга карызын төлөө макулдашууларга ылайык жүргүзүлөт - элчи

Коом 0

Бишкек, 16.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөө макулдашууларга ылайык жүргүзүлөт. Бул тууралуу журналисттерге Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа ири карызга байланыштуу Кытай кандайдыр бир шарттарды коебу же жокпу деген суроого жооп берип жатып билдирди.

Ал КР Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, республиканын Кытайга болгон карызы 1 млрд 700 млн доллар же Кыргызстандын тышкы карызынын жалпы санынын 41% экенин белгиледи.

“Менимче, бул карыз боюнча төлөө кол коюлган макулдашууларга ылайык жүргүзүлөт. Башка жол көргөн жокмун, айрыкча Кытай бир нерсе сураганын”, -деди ал.

Элчи Кытай тарабынан Кыргызстанга берилген насыялардын дээрлик бардыгы жеңилдетилген жана республика үчүн зарыл экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий