• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы волейбол боюнча биринчилиги башталды

Спорт 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы волейбол боюнча биринчилигинин алгачкы туру башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бул жылы биринчи орун үчүн алты команда ат салышууда: "Дордой", "Умай Эне", "Салам Алик", "Улар", "Алай Датка", "Билим".

Кыз-келиндер арасындагы биринчилик үч айлампада өтүп, анын жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталат.

Экинчи тур 18-24-март күндөрү, үчүнчү айлампа 13-19-май күндөрү болуп өтөт.

Мелдештин жыйынтыгында I, II, III орун алгандар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын медаль, дипломдору менен сыйланышат.

Пикир

Оставить комментарий