• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы Бишкекке келди

Спорт 0

Бишкек, 19.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 19-декабрда, «Манас» эл аралык аэропортунда спорттук күрөш боюнча Дүйнө кубогуна катышкан Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданы тосуп алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитети билдирет.

Дүйнө кубогунун жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, КРнын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышты. Ошондой эле аэропортто жүздөгөн спорт күйөрмандары чогулушту.

Канатбек Арпачиев салт боюнча Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Нурбек Изабековго калпак менен чепкен кийгизип, команданы, машыктыруучуну куттуктап, келечекте дагы ийгиликтер болуусун каалады.

Эскерте кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча жеке Дүйнөлүк кубок 14-16-декабрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өттү.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулду. Дүйнөлүк кубокто Кыргызстандын курама командасынын курамында 4 спортчу башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында күч сынашты. Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү 2 алтын жана 1 коло медалга ээ болушту.

1- орун – Айсулуу Тыныбекова, 62 кг чейинки салмактык категорияда;

1 –орун – Мээрим Жуманазарова, 68 кг чейинки салмактык категорияда;

3-орун – Айпери Медет кызы, 76 кг чейинки салмактык категорияда.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий