• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын кыздар курамасы Түркиядагы эл аралык мелдеште төрт медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар курама командасы Түркиядагы U20 (20 жашка чейинкилер арасында) Champions эл аралык мелдешинде төрт медаль утту. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Турнир 14-15-майда Анталья шаарында өттү Кыргызстандын курамасы бир күмүш, үч коло багындырды:

2-орун — Дилназ Сазанова, 62 кг;
3-орун — Назик Мирлан кызы, 50 кг;
3-орун — Калмира Билимбекова, 57 кг;
3-орун — Бермет Нуридин кызы, 59 кг.

Пикир

Оставить комментарий