• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын кыздар курамасы Тажикстандагы мелдеште төртүнчү орунга татыды

Спорт 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курамасы (19 жашка чейин) CAFA-2020 чемпионатында төртүнчү орунга татыды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Беттеш Тажикстандын Душанбе шаарында өттү.

Эскерте кетсек, CAFA-2020 чемпионатында улуттук курама алгачкы оюнунда Афганистанды 3:0 эсебинде утса, экинчи оюнда Өзбекстандын командасына 4:7 эсебинде жеңилип калган. Ал эми үчүнчү оюнунда Тажикстанды 2:0 эсебинде утуп алган.

Мелдештин төртүнчү турунда Кыргызстан Түркмөнстанга 1:2 эсебинде жеңилип калды.

Чемпионаттын акыркы күнүндө Кыргызстандын командасы Иранга 0:2 эсебинде утулуп калды.

Мындан улам, Кыргызстандын кыздар курамасы чемпионаттын төртүнчү орунуна жайгашты.

Пикир

Оставить комментарий