• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын элчиси Латвия президентине ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Резиденциясы Минск шаарында жайгашкан Кыргызстандын Латвиядагы элчиси Эрмек Ибраимов Латвиянын президенти Эгилс Левитске ишеним жана чакырып алуу грамоталарын пандемияга байланыштуу онлайн тапшырды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, элчи Ибраимов Латвиянын лидери Э. Левитс менен онлайн жолугушуп, анын жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибиндеги эки өлкөнүн кызматташтыгынын бир катар маанилүү маселелери талкууланды.

Элчи Латвиянын президенти Эгилс Левитске КР президенти Садыр Жапаровдун атынан Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата келип түшкɵн куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдирип, салам жолдоп жана эң жакшы каалоо тилектерин айтты.

Кыргыз тарабы үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Европа биримдиги – Борбордук Азия биринчи экономикалык форумга катышуу үчүн Латвиядан олуттуу расмий жана бизнес делегациясын күтүүдө.

Ошондой эле COVID-19 пандемиясынын андан ары жайылуусун алдын алуу тармагында өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий