• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Маданият министри Максутов Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды

Маданият 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун абалын жана мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Рапил Жошыбаев борбордогу сейил бактардын биринде боордош элдердин ортосундагы достук темасына арналган эстеликти орнотуу маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле, кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун быйылкы юбилейи жана Казакстан Республикасында өткөрүлүшү мүмкүн болгон иш-чаралар тууралуу сөз болду.

Мындан тышкары, казак тарап Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын симфониялык оркестри менен биргеликте «Folk and Symphony» долбоорун ишке ашыруу сунушун киргизди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар тыгыз кызматташууну арттыруунун маанилүүлүгүн белгилешти жана белгиленген багыттарда мындан аркы биргелешкен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий