• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 1-октябрга карата 4,3 млрд. АКШ долларын түзөт

Экономика 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2018-жылдын 1-октябрына карата 4 млрд. 264 млн. 820 миң АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинде өткөн маалымат жыйынында маалым болду.

Катышуучулар билдиргендей, мамкарыз боюнча маалыматтарды өлкөнүн финансы министрлиги даярдайт.

Өлкөнүн тышкы карызы 3 млрд. 764 млн. 480 миң долларды түзөт.

"Биздин карыздын негизги кармоочулары Кытай - 44,7% тышкы үлүш. Япония алдындагы карыз 6,3%, Германия алдындагы – 2,2%. Бул эки тараптуу насыяга байланыштуу. Көп тараптуулардан: ЭВФ алдындагы карыз 4,7%ды түзөт, АӨБ - 15,3%, насыялардын Эл аралык Ассоциациясы – 17,3%", - деп түшүндүрүштү Улуттук статистика комитетинен.

Пикир

Оставить комментарий