• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын мамлекеттик карызы $ 4,4 млрд түздү, анын 85,7% – тышкы карыз

Экономика 0

Бишкек. 21.03.19 /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 млрд долларды түздү, анын ичинде 85,7 пайызы тышкы карыз, 14,3 пайызы ички карыз болуп саналат. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы мамлекеттик карыздарды тейлөөгө 23,7 млрд сом жумшалды.

Министрдин айтымында, мамлекеттик карыздарды тейлөөгө жумшалган каражаттын 7,1 млрд сому алынган насыялардын үстөк пайызын жабууга, ал эми 16,7 млрд сому негизги карыздарды жабууга чегерилген.

"Ушу тапта Кыргызстандын мамлекеттик карызы ички дүӊ өнүмгө карата 56,7 пайызды түзөт", - деп кошумчалады министр.

Пикир

Оставить комментарий