• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд 758,55 млн долларды түзөт

Экономика 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 31-майына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (тышкы+ички) карызы 4 млрд 758,55 млн долларды (351 млрд 27,58 млн сомду) түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Каржы министрлигинен билдиришкендей, мамлекеттик карыздын 85,8%ын (4 млрд 80,81 млн доллар же 301 млрд 32,52 млн сом) тышкы карыз, ал эми 14,2%ын (677,74 млн доллар же 49 млрд 995,06 млн сом) ички карыз түзөт.

Пикир

Оставить комментарий