• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5,1 млрд доллардан ашты

Экономика 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы, ички) 5 млрд 137,36 млн долларды (435 млрд 643,97 млн сом) түздү.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, алардын ичинен:

- 83,5% мамлекеттик тышкы карыз: 4 млрд 290,26 млн АКШ доллары (363 млрд 810,45 млн сом);

- 16,5% мамлекеттик ички карыз: 847,10 млн АКШ доллары (71 млрд 833,52 млн сом).

2022-жылдын январь-февраль айларында мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы, ички) республикалык бюджеттен иш жүзүндө 3 млрд 520,9 млн сом бөлүнгөн, анын ичинен:

- мамлекеттик тышкы карыз боюнча - 1 млрд 664,9 млн сом;

- мамлекеттик ички карыз боюнча - 1 млрд 856 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий