• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПга карата 2,8% кыскарды — премьер-министр

Өкмөт 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. 2018-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү (ички+тышкы) 4,5 млрд. долларды (311,8 млрд. сомду) түздү. Бул тууралуу парламентте премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Абылгазиевдин айтуусунда, анын ичинде тышкы карыз - 85,7 %ы (3,8 млрд доллар), ички карыз – 14,3 %ы (0,6 млрд доллар).

«2018-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 23,7 млрд сом жумшалган. Анын ичинде: пайыздарды төлөөгө – 7,1 млрд. сом, тышкы карыздын пайызы 3,7 млрд. сом болсо, ички карыз боюнча 3,4 млрд. сомду түзгөн. Карыздын негизги суммасын төлөөгө – 16,7 млрд. сом, тышкы карызга – 8,2 млрд сом, ички карызга – 8,4 млрд сомд жумшалды», - деди ал.

Абылгазиев кошумчалагандай, ошентип, мамлекеттик карыз 2017-жылга салыштырмалуу 65,7 млн долларга же ИДПга карата 2,8 %га кыскарган.

Анын ичинен:

- тышкы карыз – 254 млн долларга, же ИДПга карата 5%га азайды.

- ички карызга – 13,6 млрд сомго көбөйдү, же ИДПга карата 2,2%га көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий