• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын медициналык окуу жайларын Пакистандын “кара тизмесинен” чыгаруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 9-декабрында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Бишкекке болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргыз Республикасынын медициналык университеттерин Пакистандын "кара тизмесинен" чыгаруу, КР ЖОЖдорунда билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, жогорку окуу жайларынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана башка маселелер талкууланды.

Тараптар чет өлкөлүк студенттердин окуу процессин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө механизмин, ошондой эле студенттерди тандоонун критерийлерин иштеп чыгуу зарыл деген бүтүмгө келишти.

Министр университеттердеги коррупцияны жоюу, материалдык-техникалык базасын жакшыртуу иш-чаралары жөнүндө кабарлады.

Тараптар Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин сунуштарын Пакистан тарапка өткөрүлүп берилэрине макул болушту.

Пикир

Оставить комментарий