• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык окуучулар Кара деңизде “Жаш энергетиктер мектебине” катышты

Коом 0

Бишкек, 13.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын мектеп окуучулары Кара деңиздин жээгинде “Жаш энергетиктер мектебине” катышып келишти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын маалыматына ылайык, Россия, Армения, Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрүндө уюштурулган энергетиканы үнөмдөө жана натыйжалуу пайдалануу тууралуу эссе жазуу сынагынын жеңүүчүлөрү үчүн Кара деңиздин жээгинде аталган мектеп уюштурулган.

Аталган сынак өлкөнүн Билим берүү министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандын 11 пилоттук мектептеринде жүргүзүлгөн.

Жаш энергетиктер мектебине Кыргызстандан беш окуучу катышкан. Бир жума ичинде окуучулар лаборатордук-практикалык окууларга, интерактивдүү лекцияларга, оюндарга, мастер-класстарга, тренингдерге катышып, энергетика чөйрөсүндөгү эксперттер менен жолугушту. Ошондой эле кыргызстандыктар маданий иш-чараларга активдүү катышып, КВН оюндарынан биринчиликти алууга жетишкен.

Пикир

Оставить комментарий