• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын мектептери 5 күндүк окуу жумалыгына которулду

Президент 0

Бишкек, 21.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Билим берүү жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 10-январында кабыл алынган.

Мыйзам мектептерди алты күндүк окуу жумалыгынан беш күндүк окуу жумалыгына которуу максатында кабыл алынган.

Тактап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен «Билим берүү жɵнүндɵ» Мыйзамынын 16-беренеси тɵмɵнкүдɵй мазмундагы 10-бɵлүк менен толукталган: “Менчигинин формасына карабастан, жалпы билим берүү уюмдарында жетимдүү окуу жүктɵмүнүн чегин эске алуу менен беш күндүк окуу жумалыгы белгиленет”.

Мыйзам расмий жарыяланган күндɵн тартып он күн ɵткɵндɵн кийин күчүнɵ кирет.

Пикир

Оставить комментарий