• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртең Кыргызстандын мектептеринде бүтүрүүчүлөргө аттестаттар тапшырылат

Билим 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. КР билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 2020-2021-окуу жылынын аякташына жана республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүүгө байланыштуу райондук / шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, орто жалпы билим жөнүндөгү аттестаттарды тапшыруу мектептерде 2021-жылдын 24-июнунда өтөт.

Райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө мектептердин аймагында иш-чаралардын санитардык нормаларды сактоо, бүтүрүүчүнүн ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн бирөөсүн гана катыштыруу менен өткөрүлүшүн контролдоо, Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери менен жакшылап иштешүү тапшырылды.

Аттестаттарды тапшыруу маалында тартиптин камсыздалышы, бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнүн жана саламаттыгынын сакталышы үчүн жекече жоопкерчиликти жалпы билим берүү уюмдарынын жана райондук / шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери тартышат.

Аттестаттарды тапшыруу менен байланышкан иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле кафе-ресторандарда жана башка көңүл ачуучу жайларда бүтүрүү иш-чараларын уюштурууга акча каражаттарын чогултууга жол берилбейт.

Пикир

Оставить комментарий