• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын мектептеринде салык боюнча сабак киргизүү сунушталууда

Экономика 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Министрлер кабинети мектеп программасына салык жана салык төлөөчүлөр боюнча сабак киргизүү сунушун карап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Бишкекте өтүп жаткан Улуттук салык форумунда билдирди.

Анын айтымына караганда, мындай чара өсүп келе жаткан муундун салыктык милдеттенмелерге туура мамилесин калыптандырууга жардам берет.

"Өсүп келе жаткан муунга салык төлөө биздин ыйык милдетибиз экенин жөнөкөй тил менен түшүндүрүү максатында мектептерге салыктар боюнча сабак киргизүү демилгеси бар", - деди Касымалиев.

Кошумчалай кетсек, Улуттук салык форуму Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана бардык кызыкдар болгон салык төлөөчүлөр катышууда.

Алар салык салуу менен байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашып, салык саясатын өркүндөтүү, калктын салыктык сабаттуулугун жана салык маданиятын жогорулатуу боюнча сунуштарды биргелешип иштеп чыгышат.

Мындан тышкары, "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү жана салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жолдору талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий