• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын мектептерине 11 миллион китеп жетишпейт

Коом 0

Бишкек, 03.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын мектептерине 11 миллион китеп жетишпейт. Бул тууралуу өкмөттөгү отурумдун жүрүшүндө Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, 11 миллион китепти басып чыгаруу үчүн 900 миллион сом керектелет.

“Учурда министрлик китеп сатып алууга аргасыз болгон ата-энелердин жүгүн жеңилдетүү үчүн механизмдерди иштеп чыгууда. Грузия, Өзбекстан, Армениянын тажрыйбасы көрсөткөндөй, аларда китепти ижарага алуу механизминин кириши ийгиликтүү болду. Учурда Өнүктүрүү банкынын колдоосу астында электрондук китепканалар иштелип чыгууда. Ал үчүн күчтүү серверлер жана компьютерлер керек болот”, - деди Кудайбердиева.

Министр белгилегендей, бардык мектептерде окутуунун жаңы ыкмалары колдонула баштайт.

“Учурда мектептердин арасында ийгилик критерийлери бар. Ага жалпы республикалык тестирлөөнүн көрсөткүчтөрү, окуучулардын жетишкендиктери, олимпиадаларга катышуусу кирет”, - деди Кудайбердиева.

Пикир

Оставить комментарий