• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын мектептерине шахмат боюнча сабак киргизүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 01.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын шахмат федерациясы өлкөдөгү жалпы билим берүү мекемелеринин базалык окуу планына шахмат боюнча сабакты киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында федерациянын президенти Милан Турпанов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, федеарция жана Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган. Анын алкагында мектептерге шахмат боюнча сабак киргизүү идеясы каралууда.

“Федерация министрликке чет өлкөлүк тажрыйбанын негизинде шахмат окуу программасына кирген мектептерде жана жөнөкөй мектептерде окугандардын жетишкендиктерин салыштырып отчёт даярдайт. Андан кийин пилоттук долбоор катары шахмат боюнча сабактар Бишкек, Оштогу кээ бир мектептерге киргизилип, анализ жүргүзүлөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий