• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын мектептеринин 25% жарыктандыруу талаптарына жооп бербейт – Саламаттыкты сактоо министрлиги

Коом 0

Бишкек, 13.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын мектептеринин 25 пайызы жарыктандыруу талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу “Окуу-жайларга жарыктандыруучу жабдыктарды киргизүү жана билим берүү мекемелериндеги жарыктандыруунун сапатын көзөмөлдөө” аттуу тегерек үстөлдүн жүрүшүндө КР саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чейчебаев кабарлады.

Анын айтуусунда, балдар билим алган бөлмөлөрдөгү жарыктандыруу балдардын көрүүсүнө таасирин тийгизет. Ал белгилегендей, жарыктандыруу боюнча нормалар бар жана алар дайыма сакталышы керек.

“Мектептердеги жарык системаларынын дагы бир көйгөйлөрүнүн бири люминесценттик жана чыңалуучу лампаларды аралаштырып салышат. Бул өсүп келе жаткан муундун көрүүсүнө зыян алып келиши мүмкүн. Бүгүнкү күндө мектептерде жарыктандыруу системасына жасалган ыкма эскирген жана бөлмөлөрдө жарык берүү ар түрдүү. Мисалы, терезенин жаны өтө жарык болсо, бурчтарда караңгы”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий