• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 10-октябрда КМШга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин Кеңешмесинин жыйынына катышуунун алкагында, Ашхабад шаарында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри Рашид Мередов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле эки өлкөнүн регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

"Жогорку деңгээлде эки тараптуу сапарларды уюштуруу маселелерин, ошондой эле ушул жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында болуп өткөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйынынын жыйынтыктарын талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий