• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын моделдери «Asia Model Festival» фестивалына катышат

Маданият 0

Бишкек, 13-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык үч модель «Asia Model Festival» эл аралык фестивалына катышуу үчүн Сеулга учуп кетишти. Бул туурасында “Up Models” агенттиги кабарлады.

Маалым болгондой, мартта Алмата шаарында Борбордук Азиянын мыкты моделдерин тандоо туру болуп өткөн. Анын жыйынтыгы менен татыктуу деп табылгандар Сеулдагы эл аралык фестивалга жолдомо алышкан. Калыстар тобу сынакта финалга чыккан кыздардын жана балдардын арасынан тандап алышкан.

Тандоонун жыйынтыгында байгелүү үч орундун биринчисин Өзбекстандын өкүлү Шахбоз Махмудов, экинчиликти Кыргызстандык Аллы Экман, ал эми үчүнчү орунга Тажикстандан келген Сафина Гаибово татыктуу болгон.

Байге алгандардан тышкары Кореяга калыстар тобунун чечими менен сегиз финалист барат. Алардын арасында Кыргызстандан Айчүрөк Курстанбек кызы дагы бар.

“Алардын экөө “Up Models” агенттигинин моделдери. Биз алар Кыргызстанды эл аралык фестивалда татыктуу көрсөтө алат деген ишеничтебиз”,- деп билдирди агенттиктин өкүлдөрү.

Пикир

Оставить комментарий