• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын муфтияты Кытайдын дин иштери комитети менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 10.09.17 /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкеке расмий иш сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын Дин иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Чжан Яньтун мырза, КЭРдин Дин иштери боюнча комитетинин өкүлдөрү Жи Янг мырза, Кцяо Хонг айым, Зянг Юин айым менен жолугушуп, биргеликтеги кызматташууну жакшыртуу, экстремизм, терроризм менен күрөшүү, дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, коомчулукка дин менен терроризмдин айырмасын жеткирүү, салттуу баалуулуктарды сактап калуу жаатында пикир алышты.

Муфтий М.Токтомушев кытайлык конокторго кыргыз элинин меймандос экендигин айтып, Кыргызстан тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарында Ханафий мазхабы боюнча түшүндүрүү, агартуу иштери жүргүзүлөрүн айтып, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен биргеликте имамдарга 17 предметтен 12 күндүк окуу семинарлары уюштурулуп тураарын баса белгиледи. Муну менен катар эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ишмердүүлүгү, түзүмү туурасында маалымат берип, андагы ар бир бөлүмдүн аткарып жаткан иштери менен бөлүштү.

«Коңшу мамлекеттердин кызматташуусу достук алакаларды мындан дагы бекемдейт. Кыргызстан Мусулмандарынын Диний Башкармалыгы Кытай Эл Республикасынын Дин иштери боюнча комитети, Кытай Ислам бирикмеси менен ар тараптуу кызматташууга даяр», -деди жолугушуунун жүрүшүндө Максатбек ажы Токтомушев.

Ал эми Кытай Эл Республикасынын Дин иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Чжан Яньтун мырза 2018-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан өткөрүлө турган Эл аралык конференцияга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин айтып, конференциянын өтүшү кызматташып жаткан тараптардын достугун бекемдөө менен, улуттар, конфессиялар аралык достукту, биримдикти бекемдээрин билдирди.

Эки тараптуу жолугушуунун акырында тараптар бири-бирине болгон жылуу пикирлерди, ыраазычылыктарды айтуу менен белек-бечкектерди тапшырышты.

Жолугушууга Кытай Эл Республикасынын Дин иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Чжан Яньтун мырза, КЭРдин Дин иштери боюнча комитетинин өкүлдөрү Жи Янг мырза, Кцяо Хонг айым, Зянг Юин айым менен болгон жолугушууга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, Азирети Муфтийдин жардамчысы Улан ажы Ибарев, Азамат Исмагомбетов, Муфтияттын Маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев катышты.

Пикир

Оставить комментарий