• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын муфтийи АКШдагы католиктик чиркөөдө азан чакырды

Коом 0


Бишкек, 30-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев АКШдагы католиктик чиркөөдө азан чакырды. Видео социалдык тармактарга жарыяланган.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө муфтийи Кыргызстандын делегациясы менен 1-9-майда АКШда болгон. Бул сапар АКШ мамлекеттик департаменти тарабынан уюштурулган.

“Сапардын максаты – анда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуу болгон. Анын алкагында делегация бир нече чиркөөгө барышып, католиктик чиркөөлөрдүн биринде муфтий Максат ажы Токтомушев азан чакырды. Бул пландаштырылган. Чиркөөгө келгендер буга түшүнүү менен мамиле кылышты”, - деп билдиришти Дин башкармалыгынан.

Пикир

Оставить комментарий