• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын муфтийи эл аралык онлайн жыйынга катышты

Коом 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Кечээ, 25-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Казакстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык онлайн жыйынга катышты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Жыйын “Бейпилчилик менен руханий келишимди сактоодогу диний институттардын ролу” деген тамада өтүп, ага Россия, Түркия, Өзбекстан, Тажикстан, Татарстан жана башка мамлекеттин муфтийлери, дин аалымдары катышты.

Конференцияда төмөнкү маселелер талкууга алынды:

  • Дин башкармалыктар ортосунда тажрыйба алмашуу жана достук алаканы бекемдөө;
  • Диний институттардын ишин арттырууда тажрыйбалык механизмдерин талкууга алуу;
  • Терроризм менен эсктремизмге каршы күрөшүү, ага жол бербөө;
  • Ислам дининин достук, адамгерчилик, асыл баалуулуктарын жайылтуу;
  • Коом тынчтыгын сактоодо дин башкармалыктардын орду.

Жыйын учурунда муфтий Максатбек ажы Токтомушев Казакстан мамлекетинин дин башкармалыгынын түзүлгөнүнүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, эки өлкөнүн аалымдары ортосунда достук алакасы, кызматташтыгы мурун кандай болсо кийин мындан дагы жакшыра берерин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий