• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын муфтийи кытай делегаттары менен кызматташуу жаатында пикир алмашты

Коом 0

Бишкек, 06.09.17. /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кытай делегаттар менен кызматташуу тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Максатбек ажы Токтомушев Татарстан Республикасында өткөн «Руханий Жибек-Жолу. Жаратуу. Интеграциялоо» аталышындагы илимий конференциянын алкагында Кытай Эл Республикасынын Дин иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Чжан Яньтун жана Кытай Ислам бирикмесинин төрагасы, муфтий Хасаном Фа Мин менен жолугушуп, диний чөйрөдөгү эки тараптуу мамилелердин өнүгүү келечегин талкуулашты.

Муну менен катар тараптар Ислам баалуулуктарын жайылтууда биргеликте кызматташуу жана диний башкармалыктар ортосундагы достук алакалардын бекемделүүсүн карашып, эки тарап ар дайым кызматташууда бир багыттуу иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий