• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын мугалимдери Республикалык август конференциясында жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Бишкекте «Сапаттуу билим берүү жана рухий-нравалык тарбия берүү – өлкөнү өнүктүрүүнүн негизи» чакырыгы астында мугалимдердин, билим берүү тутумунун жетекчилеринин Республикалык август конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Педагогдордун ар жылы өтүүчү жыйынына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, мектепке чейинки, мектептик, мектептен тышкаркы жана жогорку билим берүү тутумунун, облустук методикалык борборлордун, ошондой эле эл аралык уюм өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жылдыз Бакашова билим берүү мекемелерлинде балдарга адеп-ахлактык тарбия берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, өлкөдөгү негизги артыкчылыктуу багыт катары билим берүү сапатын камсыздоонун негизги жолдорун аныктоо жана анын жалпы стратегиясын иштеп чыгуу, ошондой эле рухий-нравалык билим берүүнү өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Бүгүнкү конференциянын темасы Президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгында көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашырууга багытталган. Бүгүн ааламдашуу жана рухий-нравалык каатчылык доорунда Мамлекет башчысы өлкө коопсуздугу үчүн стратегиялык маанилүү маселени көтөрдү. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, бардык билим берүү мекемелери жана ар бир педагог сапаттуу билим берүү менен катар жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктар аркылуу жаш муундун жарандык аң-сезимин калыптандырууга өз салымын кошуусу керек», – деди ал.

Ошондой эле катышуучуларга билим берүүнүн сапатын башаруу, мектепке чейинки билим жана тарбия берүүнүн актуалдуу багыттары, баланы эртелеп өнүктүрүү жана педагогдорду кесиптик жактан өркүндөтүү тууралуу маалымат берилди.

Белгилесек, 2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын Билим берүүнү өнүктүрүү программасы Министрлер Кабинети тарабынан 2021-жылдын 4-майында бекитилген. Бул документке ылайык, Дүйнөлүк банк долбоору боюнча үч саат иштеген 500 бала бакчаны түзүү, мультимедиялык класстарды ачуу жана компьютердик класстардын санын жогорулатуу, ошондой эле табигый-илимий предметтер, математика ж.б. боюнча жаңы предметтик стандарттарды ишке киргизүү боюнча иштер башталды.

Конференция катышуучулары талкууга алынган маселелердин маанилүүлүгүн белгилөө менен 2021-2022-окуу жылына карата артыкчылыкту милдеттерди жана келечектүү пландарды белгилеп, билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган иш-чаралар жыйындысын аныктады.

Пикир

Оставить комментарий