• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандын мугалимдери Санкт-Петербургдагы эл аралык мугалимдер форумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 11.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын мугалимдери июлдун башында Санкт-Петербург шаарында өткөн "Заманбап окутуу технологиясы: жетишкендик, тажрыйба, практика" аталышындагы эл аралык мугалимдер форумуна катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Сербия, Камбоджа, Индонезия, Вьетнам, Кытай, Филиппины, Польша, Тунис, Конго жана башка өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Форум салтка айланып калган, ага жыл сайын мугалимдер, тарбия берүүчүлөр, окумуштуулар, эксперттер, окуу борборунун жетекчилери, психологдорду чогулуп, өз ара тажрыйба алмашуу болот.

Ошондой эле, форум автордук методиканы жана окутуу тажрыйбаны бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Аталган иш-чарада "Z муунун окутууда нейропсихологиялык методду колдонуу", "Кибер билим берүү", "Креативдүү тайм-менеджмент: тар чөйрөдө чыгармачылык эркин ой жүгүртүү", "Буллинг жана аны менен кантип күрөшүү керек" жана башка темалар козголгон.

Пикир

Оставить комментарий