• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы 60 жылдык мааракесин белгиледи

Коом 0

Бишкек, 16.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрь күнү Бишкекте Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акундун 60 жылдык мааракеси жана укук коргоочулук ишмердигинин 30 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Быйыл ал 60 жашка чыкты.

Иш-чарага бир катар коомдук жана саясий ишмерлер, президенттин кеңешчиси жана өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү ж.б. катышты.

Иш-чаранын башында мурдагы акыйкатчы тууралуу тартылган кыска тасма көрсөтүлдү. Андан кийин сөз келген конокторго берилди.

Мааракелик иш-чараны уюштуруу комитетинин төрагасы Шамшыбек Медетбеков Акундун Кыргызстандын адам укугун коргоо ишмердүүлүгүнө, демократиянын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу сөз кылды.

"Турсунбек Акун эгемендүү Кыргызстандын демократия, адам укугун коргоо ишмердүүлүгүнө чоң салым кошту", - деди ал.

Ал эми Турсунбек Акун 60 жылдыгын, биринчи кезекте куттуктоо сөз угуп, белек алуу үчүн эмес, Кыргызстандын отуз жылдык тарыхында адам укугуна байланыштуу болгон окуяларды, маселелерди талкуулоо максатында өткөрүүнү чечкенин билдирди.

Ал, Кыргызстанда алгачкы укук коргоочулар 30 жыл мурун чыга баштаганын, ал өзү да алардын катарында болгонун айтып өттү.

"Бүгүн мен үчүн маанилүү күн. Себеби бир гана укук коргоочу Турсунбек Акундун 60 жылдыгы эмес, Кыргызстандагы укук коргоо ишмердүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленүүдө. Биз жаңы баштаганда Кыргызстанда бир дагы укук коргоо уюму болгон эмес. Ал Союз убагы болчу. 1990-жылдын 10-декабрында адам укугу боюнча комитет түзүлгөн. 30 жылдан ашык убакыттын ичинде бир катар окуялар болуп өттү. Ал окуялардын баарына укук коргоочулар активдүү катышты. Биз – укук коргоочуларды сабашты, камашты, соттошту, бирок биз сынган жокпуз", - дейт ал.

Көптөр билбесе керек, ал К.И. Скрябин атындагы окуу жайында окуп, биринчи кесиби ветеринар болгон. Кийинчерээк Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин Улуттук университетте "Юриспруденция" факультетинде сырттан билим алган.

Мурдагы акыйкатчынын 60 жылдыгына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Турсунбек Акунга куттуктоо сөзүн жолдоп, аны президенттин кеңешчиси Султан Раев окуп берди.

"Сиздин ысымыңыз менен өлкөбүздүн демократиялуу баалуулуктарынын бири адам укугун коргоо саясаты тыгыз байланышкан. Сиз Совет доорунан тарта эле укук коргоо жаатында активдүү позицияда турган, өлкөбүздө демократиялык принциптердин орноосуна чоң салым кошуп келдиңиз. Өзүңүздүн атуулдук активдүүлүгүңүз, мекенчилдигиңиз, эч нерседен кайра тартпаган күжүрмөндүгүңүз менен жүздөгөн жаандарыбызга укуктук жактан жардам берип, өлкөбүздөгү адам укугун коргоо институтунун калыптанышына жана бекемделишине салым коштуңуз. Ошол эле учурда өлкөдөгү авторитардык, тоталитардык, үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштө өз көз карашыңызды ачык билдирип, чечкиндүү позицияда болуп келдиңиз. Акыркы чейрек кылым аралыгында өлкөбүздө болуп өткөн саясий процесстерге жигердүү катышып, анын демократиялык нукка салынышына кошкон салымыңызды да өзгөчө баалайбыз", - деп айтылат куттуктоодо.

Куттуктоо сөзүн окуган Султан Раев Турсунбек Акунга президенттин энчилүү саатын тапшырды.

Ошондой эле куттуктоолор өкмөт, ички иштер министрлиги жана Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан жаңырып, аны менен бирге Ветеринардык инспекция мурдагы акыйкатчыга төш белги, ал эми ички иштер министрлиги "Шериктеш" төш белгисин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий