• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын музей фонду 1 миң 612 экспонат менен толукталды — Жаманкулов

Маданият 0

Бишкек, 25.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын музей фонду 1 миң 612 экспонат менен толукталды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын алты ай аралыгында 326 экспонат реставрациядан өткөрүлдү.

“2022-жылдын алты айында өлкө аймагынан тышкары төрт, ал эми өлкө ичинде алты көчмө көргөзмөлөр өттү”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий