• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү аныкталды — тизме

Экономика 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктады.

Салтанаттуу сыйлоо аземи 1-июлда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Салык кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында өткөрүлдү.

Алсак, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, 2021-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүү аткаргандыктары үчүн Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болуп 23 компания аталды:

өндүрүш жаатында – "РыбМир" ЖЧК, "Салих ЛТД" ЖЧК, "Ош-Мастер" ЖЧК, "Табылгы" ЖЧК, "Интерхим" ЖЧК, "Ош Сут" ААК, "Нур" ЖЧК, "Бай Дыйкан" ЖЧК;

курулуш жаатында – "Глобал Строй Сервис" ЖЧК, "Ак-Тулпар" ЖЧК, "Падыша Ата Лимитед" ЖЧК;

соода жаатында – "Нефтяная компания Сервис" ЖЧК, "Мечта Кей Джи" ЖЧК, "Техно-Сервисный Центр "Айсберг" ЖЧК, "INTANT-Bishkek" ЖЧК, "Металл Торг Сервис" ЖЧК, "Империя пиццы" ЖЧК, "Торговый Дом "Керамин" ЖЧК;

тейлөө жаатында – "Альфа Телеком" ЖАК, "TEZ JET" ЖЧК, "City Center" ЖЧК, "Билет Стандарт" ЖЧК, "Baker Tilly Bishkek" ЖЧК.

Мыкты салык төлөөчүлөргө салтанаттуу түрдө тийиштүү сертификаттар жана төш белгилер тапшырылды.

Мамлекеттик салык кызматы бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда зор салым кошкон жана республиканын салык мыйзамын так сактаган, ак ниеттүү салык төлөөчүлөргө сый-урмат менен мамиле кылат.

Пикир

Оставить комментарий