• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү аныкталды

Экономика 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара КРнын Салык кызматынын кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында Бишкек шаарында өттү. Экономиканын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы, бюджеттин киреше бөлүгүнүн түзүлүшүнө жигердүү катышкандыгы, 2017-жылдагы жана 2018-жылдын 5 айындагы иштеринин натыйжалары боюнча салык мыйзамдарын ак ниети менен аткаргандыгы үчүн төмөнкүлөр Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болушту:

Өндүрүш чөйрөсүндө: “Даннург-Юг” ЖЧК (Ош облусу), “Нур” ЖЧК (Баткен облусу), “Улан” ААК (Ысык-Көл облусу);

Айыл чарба чөйрөсүндө: “Ак-Куу” ААК (Чүй облусу);

Соода чөйрөсүндө: “Кулуке” ЖЧК (Бишкек шаары), “Сталь Торг” ЖЧК (Бишкек шаары), “РУСТЭЛЬ” ЖЧК (Чүй облусу).

“Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров тийиштүү тастыктамаларды жана дипломдорду тапшырып жатып Салык кызматы бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга олуттуу салым кошуп жатышкан жана салык мыйзамдарын бекем сакташкан ак ниет салык төлөөчүлөргө жогору урмат-сый менен мамиле кыларын белгилеп, алардын ишине жаңы жетишкендиктерди каалап өттү.

“Мыкты салык төлөөчү” сыйлыгынын негизги максаты - экономиканын ар түрдүү тармактарында ийгиликтүү иштеген компанияларды жана ишканаларды сыйлоо, салык төлөөчүлөрдүн бизнести таза, ачык-айкын жана сабаттуу жүргүзүүлөрүн кеңири жайылтуу жана салык маданиятын калыптандыруу”, - деп жазылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий