• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстандын мыкты студенттери президенттен алкыш угуп, сыйлык алышты

Президент 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу аземи болду.

Быйыл президенттин стипендиясына өлкөбүздөгү баардык окуу жайларынан келген 69 студент татыды. Жолугушууда президент аларды чын жүрөктөн куттуктап, эмгек, аракет жана өжөрлүгү үчүн ыраазычылык айтты.

“Мунун аркасында экзамен алдындагы уйкусуз түндөр жана чоң өжөрлүк турат. Өзүңөрдүн аракетинер үчүн өлкөбүздөгү студенттердин арасынан мыкты аталып отурасыңар. Бул ийгилигиңер менен силерди куттуктайм. Ата-бабаларыбыз билимдүү адам баарын жеңе алат деп айткан. Жашоодо билим туура жана байгерчилик үйүн жумшалышы керек. Силердин келечегиңер силердин билим жана жөндөмүңөргө түздөн-түз көз каранды. Эгер билим, жөндөмүңөр көп болсо силердин алдыңардагы эшиктер ошончолук кеңири ачылат”, - деди президент.

Ал бүгүнкү күнү Кыргызстан мыкты жогорку билимдүү, окуган кадрларга муктаж экенин белгиледи. Анткени өлкө алдында мезгил талабы жана чакырыктары койгон көп маселелер болуп, аларды чечүү зарыл.

Бул жылы сынактык тандоого 38 окуу жайдын мугалимдер кеңешинен 210 студенттин документи жиберилген. Ал 38 окуу жайдын 29у мамлекеттик болсо, калган 9 билим берүү мекемеси жеке окуу жайлар. Алардын 27си Бишкекте, 11и өлкөнүн облустарында орун алган.

Жободо жазылган тандоонун критерийлери боюнча 210 студенттин 140ы өткөн. Андан кийин мамлекеттик орган жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган комиссия ар бир талапкердин маалыматтары менен таанышып, 69 студентти тандап алышкн. Алар президенттин колунан мактоо баракчасын жана бир академиялык жылга (10 ай) 50 миң сом стипендия алышты.

Пикир

Оставить комментарий